15- Ноябрь 1976 -жылы Кикбоксчу Руслан Абасов туулган
Кикбоксчу Руслан Абасов Токмок шаарында төрөлгөн. Ал Токмок технологиялык институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.
1994-жылы “Гермес-профи” клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы “Гермес-профиге” Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу ал профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган. Ал профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган. Гермес лакап атына ээ болгон соң ал 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана Дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон.
Ал 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун уткан. Бул мелдештен кийин эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. 2011-жылы спортчу Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болгон.
Кикбоксчу Руслан Абасов 2014-жылы 27-мартта унаасын жардыруудан улам каза тапкан. Окуя Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болуп, спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан