15- Март 1929 -жылы композитор Насыр Давлесов төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын гимнинин обонун жазган композитор, дирижёр Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1987-ж.), Кыргыз ССРнин эл артисти (1974-ж.) Насыр Давлесов Чүй облустуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. 1956-жылдан баштап К.Орозов атындагы Кыргыз улуттук аспаптар оркестринин башкы дирижёру, 1983-1985-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру болуп эмгектенген. Анын жетекчилигинде даярдалган концерттик программалар Канадада, Сирияда, Эфиопияда, Данияда, Швейцарияда жогору бааланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан