8- Март 1934 -жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уркаш Мамбеталиев төрөлгөн
Акын, манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уркаш Мамбеталиев  Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1948-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, аскерге кеткен. Армиядан кийин Ысык-Көл облусунун драма театрында актёр болуп эмгектенген. Андан соң Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына манасчы болуп кабыл алынган. 
1991-жылы Уркаш Мамбеталиевге "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти", 1994-жылы "Кыргыз Эл артисти" ардактуу наамдары ыйгарылган. "Түгөлбай ата" сыйлыгынын лауреаты, ошондой эле Манас орденине да ээ болгон.
2011-жылы 18-июнь күнү белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан