18- Июнь 2011 -жылы Манасчы Уркаш Мамбеталиев каза болгон
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, улуу манасчы Уркаш Мамбеталиев 78 жаш курагында каза болгон. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында солист-манасчы болуп пенсияга чыккыча иштеген. Филармонияда иштеп жүрүп, искусство жаатында иштеген көптөгөн кызматкерлер менен биргеликте Японияга, Италияга, Пакистанга, Кытайга, Швецияга жана Афганистанга гастролдорго барган. Дүйнө жүзүндөгү эң чоң эпостун жомокчусу катары Уркаш Мамбеталиев өзүнүн чеберчилиги менен трилогиянын кайталангыс, каармандардын оригиналдуу элестерин дүйнөнүн элдерине жеткизе алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан