18- Ноябрь 1983 -жылы
Тбилисинин аэропортунда 7 террорчу Ту-134 учагын чет өлкөгө айдап качууга аракет кылган
Кобахидзе, Петвиашвили, Микаберидзе жана Церетели аттуу грузиялык террорчулар жана алардын тааныштары Тбилиси шаарындагы аэропортко жүргүнчү катары келишип, саат 15:43 чамасында алар отурган Ту-134 үлгүсүндөгү учак аба майданынан учуп чыгат. Учактын бортунда террорчуларды кошкондо 57 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү болгон. Бир сааттан соң катуу шамалдан улам учак кайрадан Тбилисиге кайтат. Ошол учурда жардыргыч зат жана мылтык менен куралданган террорчулар учактагы адамдарды коркутуп, пилоттук кабинадагы адамдарга учактын багытын Түркияга бурууга буйрук берет. Экипаж мүчөлөрү макул болбогон соң террорчулар ок чыгарып, эки тараптуу атышуу орун алган. Учак Тбилисиге кайтып барып, ал жерде барымтадагыларды бошотуу үчүн чабуул коюлган. Террордук актынын кесепетинен 7 киши каза болуп, 10 адам жаракат алган. 2003-жылы режиссёр Заза Русадзе бул окуянын негизинде "Каракчылар" ("Бандиты") деп аталган даректүү тасма тарткан.