24- Ноябрь 2003 -жылы
Москвадагы Элдердин достугу институтунун жатаканасында өрт чыккан
Орусиянын Москва шаарындагы Элдердин достугу университетинин 5 кабаттуу жатаканасында өрт чыгып, 44 адам көз жумган. Курман болгондордон тышкары 182 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алган. Өрт 3 нигериялык студент кыз жашаган бөлмөдө чыккан. Ал учурда бөлмөдө эч ким жок болгон. Өрттүн келип чыгышына жатаканадагы эскирип калган электроприборлор себеп болуп, университеттин 6 кызматкерин ар кандай мөөнөттө эркинен ажыратууга соттун өкүмү чыккан.