
Польшанын биринчи өкмөт башчысы, композитор, пианист Игнаций Падеревский Подольедеги Куриловка айылында төрөлгөн. 1872-жылы Варшаванын Музыка институтуна тапшырып, 1878-жылы аяктаган. 1880-жылы үйлөнүп, бир жылдан соң аялы каза болуп, төрөлгөн уулу майып болуп калган. Падеревский бул окуядан кийин өзүн музыкага арнап, Берлинге көчүп кетет. Берлинден Фридрих Киль жана Генрих Урбандан сабак алып, Рихард Штраус жана Антон Рубинштейн менен таанышат. Антон Рубинштейндин кеңеши менен Венага көчүп, Теодор Лешетицкийден сабак алат. Андан соң Страсбургда консерваторияда иштеп, кайра 1887-жылы Венага кайтып, биринчи жеке концертин койгон.
1889-жылдары атактуулукка жетип, Парижде, Лондондо, Америка Кошмо Штаттарында концерттери өткөн.
1910-жылдары Игнаций Падеревский Польшанын эгемендүүлүгүнүн идеясын колдоп, саясатка кирише баштаган. Биринчи дүйнөлүк согушта Польшанын Улуттук комитетинин мүчөсү болгон. Согуш бүткөн соң Польша эгемендүү өлкө болуп, Падеревскийди өлкө башчысы Юзеф Пилсудский 1919-жылы январь айында премьер-министр кылып дайындаган. Саясаттын бардык маселелерин түшүнбөсүн билип, ошол эле жылдын декабрь айында өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.
Игнаций Падеревский 1941-жылы 29-июнда Нью-Йоркто өпкөсүнө суук тийип каза болгон.