18- Ноябрь 1991 -жылы
Чехословакиянын акыркы президенти Густав Гусак каза болгон
Чехословакиянын акыркы президенти Густав Гусак кайтыш болгон.
Густав Гусак 1913-жылы 10-январда Братиславанын Дубравка аймагында төрөлгөн. 16 жашында Коммунисттик жаштар уюмунун, 1933-жылы студент кезинде Чехославакиянын Компартиясынын мүчөсү болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта словакиялык фашисттик мамлекетке каршы чыгып, социалисттик көз карашты жактагандыгы үчүн төрт жолу камалып, кайра коё берилген. 1948-жылы өкмөткө коммунисттер келгенде, карьерасын бат жасаган, бирок 1950-жылы буржуазиялык улутчулдук боюнча айыпталып, 1951-жылы камакка алынган. 1954-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. 1963-жылы ошол кездеги президент тарабынан бошотулган. 1968-жылы Брежневдин тарабына өтүп кеткен. 1969-жылы биринчи болуп Коммунисттик партиянын катчысы болот. 1975-жылдын 29-майынан 1989-жылдын 10-декабрына чейин Чехословакиянын президенти болгон.