18- Ноябрь 1968 -жылы америкалык актёр Оуэн Уилсон төрөлгөн
Америкалык актёр Оуэн Уилсон АКШнын Техас штатынын Даллас шаарында төрөлгөн. Уилсондун киного болгон биринчи кадамы өзгөчө ажиотаж жараткан эмес. Карьерасынын өсүшүнө актёр Бен Стиллер менен болгон жолугушуусу түрткү болгон. Ал Оуэнди өзүнүн бардык долбоорлоруна чакыра баштаган ("Үлгүлүү эркек" ("Образцовый самец"), ("Ата-эне менен таанышуу" ("Знакомство с родителями"), "Укмуш түгөйлөр: Старски жана Хатч" ("Убойная парочка: Старски и Хатч"), "Музейдеги түн" ("Ночь в музее")). Актёр ошондой эле "Армагеддон" сыяктуу блокбастерлерде экинчи даражадагы ролдорду жараткан. 2000-жылдары ал атактуулукка жетишип, "Шанхайдагы чак түш" ("Шанхайский полдень") аттуу комедиялык 

вестернде актёр Жеки Чандын шеригин аткарган. Бул тасмадан кийин уландысы - "Шанхайлык баатырлар" ("Шанхайские рыцари") комедиясы тартылган. 2001-жылы "Тененбаум үй-бүлөсү" ("Семейка Тененбаум") тасмасы үчүн "Оскарга" талапкер болгон. 2005-жылы "Чакырылбаган коноктор" ("Незваные гости") аттуу тасмага тартылып, Голливуддагы жогорку лигадагы актёрлордун тизмесине кошулган. 2006-жылы "Ал, мен жана анын достору" ("Он, я и его друзья") тасмасына тартылып, "Кол арабалар" ("Тачки") мультфильминдеги каармандардын биринин үнүн коштогон.

О.Уилсон Голивудда импровизаторлук таланты менен да таанымал. Ал тартылган тасмаларда айтылган күлкүлүү сүйлөмдөрдү өзү ойлоп тапкан. Актёрдун айтымында, тасмада роль жаратканга караганда сценарий жазганды көбүрөөк жакшы көрөт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан