20- Ноябрь 1890 -жылы
Америкалык актёр Роберт Армстронг туулган
Америкалык актёр Роберт Армстронг Мичиган штатында туулган. Ал "Кинг-Конг" жана "Конгдун уулу" тасмаларында Карл Дэнхемдин образын жаратып атактуу болгон. Ошондой эле 1930-жылы "Огни опасности", 1947-жылы "Беглец", 1949-жылы "Могучий Джо Янг" тасмаларында тартылган.
Роберт Армстронг 1973-жылы 20-апрелде Калифорния штатында, Санта Моникада каза болгон.