Иван Иванович 1554-жылы 26-апрелде төрөлгөн. Ал атасы Иван Грозный менен жүрүштөргө чогуу барып, башкарууга жардам берген, бирок саясатта эч кандай роль ойногон эмес. Үч жолу үйлөнгөн. Биринчи эки аялы төрөбөгөндүктөн, Иван Грозныйдын буйругу менен монастырга кеткен.