1493-жылы Христофор Колумб экинчи экспедициясына чыгып, Кариб деңизиндеги аралга 19-ноябрда токтогон. Аралда өзүлөрүн "таино" деп аташкан индеецтер жашашкан. Алар аралды Борикен деп аташкан, бирок Колумб аралга Сан-Хуан-Баутист деген ат койгон. XVI кылымдан баштап бул арал Пуэрто-Рико деп аталып калган. "Пуэрто-Рико" сөзү "кирешелүү порт" деп которулат.