24- Июль 1969 -жылы Америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес туулган
Теги пуэрто-рикалык болгон америкалык ырчы, актриса Женнифер Лопес Нью-Йоркто туулган. Дүйнөгө атагы чыккан америкалык актрисанын балалык күндөрү бий менен байланышкан. 7 жашында бий өнөрүн мыкты өздөштүр­гөн Женни эки жылдан кийин чоң концерттерге катышып, апасын сүйүнткөн. Ырчылык карьерасын 1987-жылы баштаган. Женнифер Лопес бир канча музыкалык сынактардын жеңүүчүсү аталган. Алардын катарында 2 жолу "Грэмми" сыйлыгын утканы бар. 2000-жылдары эң популярдуу ырчылардын бири болуп, 2010-жылы ири реалити шоу деп саналган "American Idol" сынагындагы калыстардын катарын толуктаган. Ал эми 2013-жылы Голливуддагы Даңк аллеясындагы жылдыздардын бирине аты жазылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан