22- Ноябрь 1971 -жылы Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов туулган
V чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Суракматов Бишкек шаарында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Билими жогорку. 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистиги боюнча билим алган.
- 1994-1995-жылдары “Шоола” акционердик коомунун өндүрүшүндө мастер, 
- 1995-1996-жылдары “Кыргызпотребсоюз” Бишкек ПМКсында өндүрүш мастери;
- 1996-1999-жылдары Бишкек башкы архитектурасында инженер, 1-категориядагы архитектор, юрист-консультант; 
- 1999-2000-жылдары “Консалтингдик-эксперттик фирма” ЖЧКсынын директору;
- 2000-2002-жылдары Бишкек шаарынын мэриясында башкы адис, бөлүм башчы;
- 2002-2008-жылдары Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары;
- 2008-жылдын ичинде Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы;
- 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы;
- 2010-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.
2018-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан