22- Ноябрь 1983 -жылы V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев туулган
V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев туулган. 2001-жылы Көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатын бүтүргөн. 2006-жылы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Депутат шахмат боюнча спорт чеберлигине талапкер. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.
Ишмердүүлүгү:
2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук башкармалыгында укук маселелери боюнча башкы адис болуп иштеген.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жумушка кирип, аталган министрликте Ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана фискалдык саясат башкармалыгында иштеген.
2010-жылы октябрда "Ар-намыс" саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2010-жылдын 23-декабрында Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланган.
2012-жылдын февраль айынан тартып Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.
2014-жылы 10-ноябрда Дастан Бекешев "Ар-намыс" партиясынын катарынан чыгып, "Ак ниет" деген партия түзүп, бирок "Ар-намыс" фракциясында ишин улантарын айткан.
2015-жылдын октябрь айынан тарта КСДП фракциясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан