21- Ноябрь 2009 -жылы Орусиялык космонавт Константин Феоктистов каза болгон
Орусиялык космонавт, Советтер Союзунун Баатыры, техника илимдеринин доктору, профессор Константин Феоктистов 83 жашында Москвада каза болгон.
Константин Феоктистов Улуу Ата-Мекендик согушта катышкан. Макс Вальенин "Полёт в мировое пространство" китебин окуган соң авиациалык институтка тапшырууну чечкен. 1949-жылы Н.Э.Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин аяктаган. Ар кандай илимий-изилдөө борборлордо иштеген. Биринчи болуп космоко адам учкан "Восток" космостук кемесинин жаратуучуларынын бири. 1964-жылдан баштап космонавттар тобунда болгон.
1964-жылы 12-13-октябрда "Восход" жаңы аппаратында скафандрсыз учкан биринчи топтук экипаждын курамына кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан