24- Июль 1927 -жылы Япониялык жазуучу Рюноскэ Акутагава өз жанын өзү кыйган
Япониялык жазуучу Рюноскэ Акутагава таңга маал өз жанын өзү кыйуу менен 35 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Ушунча кыска өмүрдүн ичинде ал артыкча жаңычыл жазуучу, эссеист, таланттуу новеллист катары таанылган.
Япон классиги Рюноскэ Акутагава 1892-жылы 1-мартта Токиодо төрөлгөн. Рюноскэ он жашка чыккан мезгилде энеси жиндикана үйүндө өз өмүрүн өзү кыйган. Бул каргашалуу окуядан соң энесинин агаларынын бири Митиаки Акутагава аны асырап алып, келечектеги жазуучу анын фамилиясын алган. Орто кылымдын тарыхына, живописке, поэзияга болгон кызыгуу ушул үй-бүлөгө келгенден тарта башталган.
Рюноскэ 1913-жылы Токио университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, андагы чыгармачыл достору менен биргеликте "Синситё" ("Жаңы агым") абадий журналын чыгара баштаган. Ошол эле журналга анын алгачкы "Чал" аттуу чыгармасы жарык көргөн (1914).
Бирок жазуучу катары "Жүз аарчы" аттуу новелласы менен белгилүү болгон. Андан кийин ал "Жалгыздыктын тозогу", "Бак", "Аял", "Рояль", "Расёмон дарбазасы", "Мандариндер", "Генерал", "Жылдын акыркы күнү" сыяктуу мыкты чыгармаларын жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан