24- Ноябрь 1873 -жылы
Орусиялык саясий ишмер Юлий Цедербаум туулган
Орусиялык саясий ишмер, публицист, революциялык кыймылдын активдүү катышуучусу, орусиялык социал-демократиядагы барып турган оппортунисттик агымдын негиздөөчүсү Юлий Цедербаум Константинополдо туулган. Ал Юлий Осипович Мартов деген ысым менен кеңири тараган.
1892-жылы мыйзамсыз адабиятты таратканы үчүн окуудан чыгарылып, камакка алынып, Вильнюска жиберилген. 1895-жылы жаза буткөн соң Ленин менен биргеликте петербургдагы жумушчуларды бошотуу Союзун түзүшөт. Ал үчүн кайрадан 1896-жылы камакка алынып, Туруханскка жиберилген.
1900-жылы бошотулган соң Полтавага кетет. Юлий Цедербаум 1923-жылы 4-апрелде Германияда, Шёмбергде каза болгон.