Кыргыз жазуучусу, философу Өскөн Даникеев Сокулук районунун Чоң-Жар айылында туулган. Ал прозаик, Кыргыз ССРине билим берүүнүн отличниги, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.
1948-1951-жылдары борборубуздагы №5-кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы Тоо-кен институтуна кабыл алынган.
1956-1962-жылдары өз кесиби боюнча республикабыздын кендеринде, Кыргыз ССР Эл чарба советинде жетектөөчү инженер, ал эми 1962-1975-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда алгач катардагы окутуучу, кийин кафедранын доценти болуп иштеген.
Билим берүү тармагында биринчи болуп кыргыз тилинде "Сызма геометрия" окуу китебин жазган (1970-ж.). Ошондой эле "Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн" (1974-ж.) түзгөн. Ө.Даникеев Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы А.М.Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабий курсун аяктап (1977-ж.), адегенде "Ала-Тоо" журналынын проза бөлүмүн жетектеп, андан соң жазуучулар уюмунун адабий кеңешчиси катары кызмат өтөйт. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.
Ө.Даникеевдин "Бакир" баяны 1961-жылы жарыяланган. Кийин "Кыздын сыры" аттуу повести жарык көрүп, орус, француз жана башка тилдерге которулуп, көркөм фильм тартылган.
Автордун "Көкөй кести" романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.
Жазуучу Фёдор Достоевский, Николай Лесков, Николай Анкилов, Азиз Несин, Александр Вампиловдун чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган.
Ө.Даникеев СССР Жазуучулар союзунун адабий фонд башкармалыгынын, Кыргыз Республикасынын шайлоолор боюнча Борбордук комиссиясынын, ошондой эле республикалык, эл аралык бир катар уюмдардын мүчөсү болгон. 1984-жылдан бери "Кыргызстан тынчтык фондусунун" төрагасы. Кыргыз совет энциклопедиясынын техникалык редакциясынын мүчөсү.
Эл ортосундагы ынтымак, бейпилдикти сактоо, бекемдөө жаатындагы үзүрлүү ишмердиги үчүн Советтик тынчтык фондусу менен эл аралык Тынчтык фондулар ассоциациясынын Алтын медалдары ыйгарылган.
Эл агартуунун жана СССР Куралдуу күчтөрүн маданий жактан тейлөө милдетинин отличниги, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору. III даражадагы "Манас", "Ардак белгиси" ордендери, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1991-жылы "Кыргыз республикасынын Эл жазуучусу", 2003-жылы "Бишкек шаарынын ардактуу жараны" деген наамдар берилген.