15- Октябрь 1814 -жылы Орус акыны, прозаик жана драматург Михаил Лермонтов төрөлгөн
Орус акыны, прозаик жана драматург Михаил Лермонтов Москвада аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Балалык чагы Пенза дубанындагы Тархан (учурда Лермонтов айылы деп аталат) кыштагында өткөн. 1827-жылдан баштап Москва университетинин алдындагы Пансиондо окуп, ал жерде В.Г.Белинский, А.И.Герцен, Н.П.Огаревдер менен бирге болушу акындын чыгармачылык шыгынын артышына, коомдук саясий көз карашынын кеңейишине таасир тийгизген. Ал 1841-жылы 27-июнда 27 жаш курагында душмандар тарабынан уюштурулган эрөөлдө Мартыновдун огунан каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан