23- Ноябрь 1899 -жылы СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскулов туулган
СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулуп, 1974-жылы 1-февралда дүйнөдөн кайткан.
Актёрдун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт. Бара-бара ал кайсы гана ролдо болбосун, табигый таланты менен бирге сахналык маданиятты өрчүтүп, чеберчилигин арттырууга жетишкен. Ошондой эле бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин "Отеллосунан" Отеллонун, "Король Лиринен" падыша Лирдин, М.Горькийдин "Егор Булычев жана башкаларындагы" Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин "Атанын тагдырынан" Акылбектин) образдарын түзгөн. Лондондо өткөрүлгөн У.Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде Муратбек Рыскулов Лирдин монологу менен чет мамлекеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган. Таланттуу актёр тарабынан түзүлгөн Лирдин образы психологиялык чындыгы жагынан татыктуу орунду ээлеген. 
Муратбек Рыскуловду дүйнө жүзүнө тааныткан жеке гана драматургия эмес, кино экраны да болгон. Республикада көркөм фильмдердин студиясы пайда боло электен алда канча мурда эле ал кыргыз актёрлорунан биринчи болуп киного катышып, 1950-жылы "Алитет тоо таянды" кинофильминде Ашыктын образын ачык гротекс планда атайын апыртып берсе, "Алыскы тоолордогу" мыкаачы зулум Сарыгул байды омоктуу көргөзүп, "Тянь-Шань кызындагы" Ашырбай абышка үчүн илбериңки психологиялык белгилерди таба алган. Кыргыз мүнөзүнүн эң сонун касиеттери "Бакайдын жайыты" фильминдеги Бакайдын турпатынан көрүнөт.
1967-жылы Муратбек Рыскуловго "Король Лир" спектаклинде Лирдин жана "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн "Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты" деген наам берилген. Таланттуу актёрдун чыгармачыл эмгегин жогору баалап, өкмөт Муратбек Рыскуловду Ленин ордени, башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Муратбек Рыскулов тууралуу "Муке" аттуу фильм тартылган. Ысымы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын облустук музыкалык драма театрына берилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан