30- Ноябрь 1965 -жылы америкалык актёр жана кинорежиссёр Бен Стиллер туулган

Америкалык актёр жана режиссёр Бен Стиллер туулган. 1983-жылы Калифорния штатындагы университеттин кинематография факультетине тапшырган. 9 айдан кийин окуусун таштап, Нью-Йоркко кайтып, актёрлук курска жазылган. 1985-жылы Стиллер Жон Гуаренин "Көк жалбырактар үйү" аттуу пьесасындагы ролу менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган. Ошол эле убакта ал кыска метраждуу тасмаларды тартып жүргөн. Анын Скорсездин "Акчанын түсү" деген тасмасына болгон 10 мүнөттүк пародиясын NBC каналы "Ишембилик кечеге" түз эфирге алып чыгышкан. Ал пародиясында Бен актёр Том Круздун ролун аткарган. Ошондон улам аны тасмаларга тартылууга чакыра башташкан.

Режиссёр Стивен Спилбергдин "Күн империясы" фильминдеги ролу Б.Стиллердин чоң экрандагы дебюту болгон. Аталган тасма бир нече сыйлыктарга татыктуу болуп, актёрлору атактуулукка жеткен. Мындан тышкары Б.Стиллер айтылуу "Мадагаскар", "Үлгүлүү эркек", "Музейдеги түн", "Дюплекс", "Стелла" жана башка 56 тасмада роль жараткан. Ошондой эле "Чындык тиштейт", "Кабелчи", "Үлгүлүү эркек", "Дюплекс", "Уолтер Миттин укмуш жашоосу", "Субмарина", "30 мүнөттүн ичинде жетишип калуу", "Руиндер" жана башка тасмаларда режиссёрдук, продюсердик кылып, айрымдарында башкы ролдорду аткарган.

Актёр 2000-жылдын жазында актриса Кристин Тейлорго үйлөнгөн. Ортолорунда 11, 14 жаштагы уулу жана кызы бар. Бир нече жылдар бою Б.Стиллер кайрымдуулук иши менен алектенип, демократтардын партиясынын мүчөсү болуп эмгектенет.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан