Бул күндү майрам катары белгилөө 1954-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун
Башкы ассамблеясынын резолюциясында сунушталган. Майрамдын өзөгү -
балдардын жашоосуна шарт түзүп берүүнү жакшыртуу. 1959-жылы БУУда
"Балдардын укугунун декларациясы", ал эми 1989-жылы "Балдардын укугунун
конвенциясы" кабыл алынган.