Пакистандын Белуджистан провинциясында күчтүү жер титирөө болуп, ал цунамини чакырган. Кырсыктын кесепетинен 4 миңдей киши өлүп, андан тышкары цунамиден Пакистан, Иран, Оман жана Индиянын көптөгөн жарандары жабыр тарткан. Жер титирөөнүн күчү 8,1 баллга жетип, очогу Белуджистан провинциясынан алыс эмес жердеги Арабия деңизинде жайгашкан.