
Mercedes унаасын, дүйнөдөгү алгачкы автобусту жана жүк ташуучу унааны жасап чыккан немис инженери Карл Бенц туулган. Ал мектепти бүткөн соң, 1853-жылы Техникалык лицейге, андан соң Политехникалык университетке тапшырган. 1864-жылы 9-июлда 19 жашында Механика университетинин техникалык факультетин аяктаган. Кийинки 7 жыл Карлсруэде, Мангеймде, Пфорцгеймде жана Венада иштеген.
1872-жылы автоунаанын кыймылдаткычтарын жасоо менен алектенип баштап, 1878-жылы 31-декабрда бензин кыймылдаткычына патент алган. Андан соң Карл Бенц келечектеги автоунаанын тоомдоруна жана системдерине патент алган: акселераторго, жандыруу системине, карбюраторго, илмектерге, муздаткыч радиаторуна.
1882-жылы "Gasmotoren Fabrik Mannheim" акционердик ишканасын ачып, 1883-жылы жаап койгон. Ошол эле жылы "Benz & Company Rheinische Gasmotoren-Fabrik" компаниясын негиздеген. 1885-жылы өзүнүн алгачкы 3 дөңгөлөктүү Motorwagen автоунаасын жасап, аны 1886-жылы патенттеген. 1926-1998-жылдары күчтүү концерндердин бири болгон Daimler-Benz AG автоунаасын чыгаруучу компанияны негиздеген.1893-жылы саатына 20 чакырымды басып өтүүчү 4 дөңгөлөктүү Victoria унаасын, 1895-жылы дүйнөдөгү алгачкы жүк ташуучу унаа жана автобусту жасаган. 1902-жылы анын компаниясы ошол убактагы эң мыкты унааны жасап чыгып, аны фирмасынын өнөктөшүнүн кызынын урматына Mercedes деп атаган. 1926-жылы К.Бенцтин компаниясы "DMG Daimler" компаниясы менен биригип, андагы чыккан автоунаалардын баары Mercedes Benz деп аталып калган.
Карл Бенц өпкөсүнүн сезгенишинен 1929-жылы 4-апрелде Ладенбургда каза болгон.