27- Ноябрь 1955 -жылы медицина илимдеринин доктору, профессор Калдарбек Абдраманов төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Саламаттыкты сактоонун отличниги, медицина илимдеринин доктору, профессор, кардиохирург-аритмолог Калдарбек Абдраманов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда төрөлгөн.
Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1982-жылы, ал эми аспирантураны 1993-жылы аяктаган. 1996-жылы Москвада А.Н.Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр институтунда докторантураны бүтүргөн.
КММИде ассистент, №1-шаардык клиникалык ооруканада хирург-врач, Кардиология илимий изилдөө институтунда врач, А.Н.Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр институтунда клиникалык ординатор, 1997-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин КТИУБунда башкы илимий кызматчы, 2014-жылы 21-ноябрда өлкөнүн жүрөк хирургиясы боюнча башкы адиси болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан