29- Ноябрь 1951 -жылы
журналист Абды Сатаров туулган
КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы, эркин журналист Абды Сатаров Ош облусуна караштуу Алай районундагы Согонду айылында туулган.
Абды Сатаров 1993-1997-жылдары Ош облустук телекомпаниясынын жетекчиси болуп эмгектенген. 2000-2003-жылдары КООРТ телеканалында башкы редактор, 2003-2005-жылдары "Internews Network" уюмунда "Мейкин Азия" программасынын редактору жана алып баруучусу, 2005-жылы УТРКнын "Ала-Тоо" программасынын башкы редактору болуп эмгектенген. Ал эми 2013-жылдын ноябрь айынан тарта 2016-жылдын июнь айына чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болгон. Учурда Абды Сатаров Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окутуучу жана КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү.