Эки ирет франциянын президенти болгон француз саясатчысы Жак Ширак Парижде туулган. Жаш кезинде коммунисттик идеяларга да кызыгып, француз коммунисттеринин “Юманите” гезитин таркаткан учуру да болгон. Кийин оңчул партиялардын тарабын туткан. 1977-жылдан 1995-жылга чейин Париждин шаар акими (мэри) болгон. Эки жолу премьер-министр кызматын аркалаган.