27- Ноябрь 1961 -жылы
орусиялык диктор Екатерина Андреева төрөлгөн
Белгилүү орусиялык диктор Екатерина Андреева Москвада төрөлгөн. Ломоносов атындагы ММУнун тарых факультетин, андан соң юристтин окуусун бүтүргөн. Алып баруучулук кесипке чейин прокуратурада тергөөчү болуп иштеген. “Биринчи канал” сынак жарыялап жатканын угуп, тагдырын сынап көрүүнү чечет. Алгач ага “чачы узундун акылы кыска” дегендей мамиле жасашып, көңүл бурушпайт, бирок анын үнүн жана сүйлөө манерасын байкаган башкы режиссёр дароо кабыл алат. Жаңы кесиби менен катар Радио жана телевидение кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтун бүтүрүүгө жетишет. Тарых жөн гана кызыкчылыктарынын бири болуп калган. Илимдин аркасынан түшпөй, журналистикага баш-оту менен кирип кеткенине эч өкүнбөйт. “Теледива” Екатерина Андреева 1997-жылдан бери “Время” маалымат программасынын диктору болуп эмгектенет. Үй-бүлөлүү. Жолдошу – серб улутундагы ишкер, кызы – юридикалык бөлүмдүн студенти. Музейди аралап басканды жакшы көрөт. Математикага байланыштуу эч нерсеге күчү жетпесин билет. Кызматтан сырткары деле тыкан кийинип жүрөт. Эфирге дайыма “аркада Москва” деген сезим менен чыгат.