25- Июль 1980 -жылы Советтик бард, акын жана актёр Владимир Высоцкий каза болгон
Советтик бард, акын жана актёр Владимир Высоцкий 42 жашында каза болгон. Өмүр жолу ооруу, ичимдик, баңги заттары менен коштолгону көп айтылган ырчы-актёрдун өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азырга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө ырчы уйкуда жүрөгү кармап өлгөн деп айтылган.
Белгилүү советтик акын, актёр, өзү жараткан ырлардын аткаруучусу, прозалык чыгармалардын автору Владимир Высоцкий 1938-жылы 25-январда Москвада төрөлгөн.
Высоцкий таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн.
Кичинесинен эле музыка, театрга жакын Владимир Таганкадагы театрда өмүрүнүн аягына чейин иштеген. Высоцкий ондогон кинотасмаларда да ойногон. Мисалга алсак, "Жолугуу ордун өзгөртүүгө болбойт" ("Место встречи изменить нельзя"), "Кичинекей кайгылар" ("Маленькие трагедии"), "Интервенция", "Түнт токойдун кожоюну" ("Хозяин тайги"), "Вертикаль", "Кыска жолугушуулар" ("Короткие встречи"), "Жаман жакшы адам" ("Плохой хороший человек") ж.б.
1985-жылы Михаил Горбачев бийликке келгенден көп өтпөй Высоцкийге көзү өткөндөн кийин Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, анын пластинкалары, ыр жыйнактары чыгарылган.
1980-жылы 22-январда анын советтик телевидениедеги жалгыз интервьюсу жаздырылып, бирок ал интервью актёр каза болгондон кийин 1987-жылы гана толук көрсөтүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан