28- Ноябрь 2010 -жылы
Америкалык жана канадалык комедиялык актёр Лесли Нильсен дүйнө салган
Америкалык жана канадалык комедиялык актёр Лесли Нильсен 84 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан. Ал 2010-жылы октябрь айында өпкөсү сезгенип, ооруканага жаткан. Карылык бул ооруну көтөрө албай, актёр көз жумган.
Лесли Нильсен 1926-жылы 11-февралда туулган. Ал ар кандай күлкүлүү ролдорду тартынбай аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Ал 100дөн ашык тасмада роль жаратканга улгүргөн.