Канадалык-америкалык окутуучу, машыктыруучу Жеймс Нейсмит АКШдагы окуу жайлардын биринде дене тарбия мугалими болуп эмгектенген. Кышында студенттерди сыртка чыгарбастан, спорттук залдын ичинде топтун жардамы менен ойнотуу үчүн баскетбол оюнун ойлоп тапкан.