Жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, Улуу Британиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагындагы "Нобель" сыйлыгынын ээси Уинстон Леонард Спенсер Черчилль туулган. Атасы - лорд Рэндолф Спенсер-Черчилль жетинчи Малборо герцогунун үчүнчү уулу болгон жана учурунда британ парламентине мүчө, ошондой эле каржы тармагын тейлеген канцлердин кызматын аркалаган. Энеси леди Рэндолф Черчилль америкалык бай ишкердин кызы болгон.
Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орунду ээлеп калган. 1951-1955-жылдары кайрадан Улуу Британиянын өкмөт башчысы болгон. 1955-жылдын 5-апрелинде ал өкмөт башчысы кызматынан кетүү тууралуу арызын берген. 1964-жылы 27-июлда акыркы ирет британ парламентинин Лорддор үйүндө (палатасында) отурумга катышкан. 1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын ханышасы "лорд" даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына "сэр" деген сый наам кошулуп айтылып калган.
1953-жылы 10-декабрда Черчилль адабият тармагына кошкон салымы үчүн "Нобель" сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы "Нобель" сыйлыгын алган). Уинстон Черчиллдин чукугандай тапкан сөздөрү, азилдери да тарыхта калган. Мындан тышкары саясаттагы жетишкендиктери үчүн ал АКШнын ардактуу жараны аталган.
У.Черчилль Судандагы согушка жана атомдук бомбаны сыноодон өткөрүүгө катышкан. Саясатчы тарткан сүрөттөр Падышалык академияда өткөн көргөзмөлөргө коюлуп турган. Ал эми 1958-жылы анын жеке сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. 2002-жылы BBC компаниясы сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында У.Черчилль тарыхтагы "залкар британиялык адам" деп табылган. 20-кылымдын көрүнүктүү саясатчысы 1965-жылы 24-январда дүйнөдөн кайткан.