27- Ноябрь 1862 -жылы А.О.Дюгамель Пишпектеги кокон чебин толук талкалагандыгы тууралуу рапорт берген
Өзгөчө Сибирь корпусунун командири А.О.Дюгамель Пишпектеги кокон чебин толук талкалагандыгын билдирип, аскер министри Д.А.Милютинге рапорт берген. Сибирь корпусунун командири орус аскерлери жасаган согуш операциясы жана чептин стратегиялык маанисин көрсөтүп, аны талкалоого жасалган аракетти төкпөй-чачпай кабарлаган. Мындан тышкары, А.О.Дюгамель "Кокондуктар кайра кайтып, Пишпек чебин калыбына келтирбейби?" деген суроого так кесе "мүмкүн эмес" деп жооп берген. Анын себебин ал чүйлүк кыргыздардын кокондуктарды жек көргөндүгү менен түшүндүргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан