27- Ноябрь 2004 -жылы
таза шайлоого арналган "Ай тегерек" аттуу жыйын өткөн
Кыргыз өлкөсүнүн бир катар саясий партиялары менен Борбордук шайлоо комиссиясы биргелешип таза шайлоого арналган "Ай тегерек" аттуу жыйын өткөрүшкөн. Талкуу АКШ элчилиги менен Аймактык иликтөө институтунун колдоосу аркылуу уюштурулуп, анын ишине "Алга, Кыргызстан!", "Менин өлкөм", "Ар-намыс" сыяктуу партиялар, Кыргыз өлкөсүнүн элдик кыймылынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан.