Абдылдабек Кокон хандыгы биротоло каратылып, мамлекет катары жоюлуп, анын аймагы Орусиянын карамагына өткөндөн кийин генерал М.Д. Скобелев жетектеген падышалык аскерлердин баскынчыл жортуулдарына каршы күрөшкөн. Фергана аскер губернатору генерал-майор М.Д.Скобелев флигель-адъютант, полковник Витгенштейнди бир рота аскер жана эки замбирек менен Үч-Дөбөгө бекинген Абдылдабекке каршы жөнөткөн. Орус аскерлерине Талдык ашуусуна караганда кыйла татаал, бирок жолду кыскарткан Арча даават багыты тандалып алынган.