29- Ноябрь 1652 -жылы
Эне-сайлык кыргыздарга монгол алтынхандарынын элчиси Мерген Деге келген
Эне-сайлык кыргыздардын жергесинде жүргөн красноярсктык воеводанын өкүлү С.Коловскийге монгол алтынхандарынын элчиси Мерген Деге келген. Буга чейин монголдор кыргыздарга кысым көрсөтүү максатында алардын жакшыларын барымтага алган. Калган кыргыздар менен аларга күңкор абалдагы кыштымдар болсо, монголдордун кыйкымынан коркуп Красноярскинин кашына көчүп кеткен. С.Коловский баштаган орус элчилигинин максаты, кыргыздарды кайра мекенине кайтарууга багытталган. Орус миссиясынын талабы көп өтпөй аткарылып, кыргыздар жергесине кайтууга мүмкүндүк алышып, монголдор болсо өз мекенине көчүп кетишкен.