Deep Purple тобун негиздөөчүсү Жон Лорд 72 жашында Лондондо көз жумган. Музыкант көп жылдан бери рак оорусунан жабыркап келген. Лорд топ аткарган көптөгөн ырлардын авторлорунун бири. 2002-жылы Deep Purpl тобунан кеткенден кийин өзүнчө ырдап жүргөн. Маркум Жорж Харрисон, Дэвид Гилмор, Назарет жана башка музыканттар менен тыгыз кызматташканы маалым.