Мерке-Пишпек темир жолунун курулуш ишине австро-венгриялык жана немец туткундары тартылган. Мындан тышкары Биринчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн Орусия империясынын каршылаштары Кыргызстан аймагындагы ирригациялык системдердин курулушунда да эмгектенишкен.