30- Ноябрь 1636 -жылы
голландиялык сүрөтчү Андриан ван де Вельде туулган
Голландиялык живописчи Андриан ван де Вельденин туулган күнү боюнча так маалымат жок. Аны чиркөөдө чокундурган күнү 30-ноябрь экендиги маалым болуп, ошол күн туулган күнү деп эсептелинип келет.
Андриан ван де Вельде үй-бүлөсү менен сүрөтчүлөр болгондуктан, сүрөт тартууга, живописке болгон кызыгуусу атасынан өткөн. Анын 400гө жакын эмгеги сакталып калган. Сүрөтчү диний мазмундагы эмгектерди да жараткан.