3- Декабрь 2011 -жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы Санжарбек Данияров каза болгон
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, медицина илимдеринин доктору, профессор Санжарбек Данияров Эмгек Кызыл жылдыз, Ардак белги, Улуттар достугу жана III даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланып, "Даңк" медалына арзыган.
Санжарбек Данияров 1928-жылы Кемин районунун Кайыңды айылында төрөлгөн. Он беш жашында Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун алдындагы курска кирген. Андан соң дарылоо факультетинин студенти болгон. 1948-жылы институтту артыкчылык менен аяктап, Павлов атындагы Илимдер академиясынын Физиология институтуна кеткен. 1952-жылы февраль айында кандидаттык диссертациясын коргоп, мекенине кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан