28- Июль 1991 -жылы Ырчы, актриса Айпери Кубик кызы төрөлгөн
Куудул, ырчы, обончу Кубик Калыковдун кызы Айпери Кубик кызы Базар-Коргондун Чоң-Курулуш айылында туулган. Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган. Алгач "Сезим" деген ыры менен эл оозуна алынган. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу менен "2009-жылдын сахна ажары” деп табылган. Ошондой эле "Супер-Инфо" тарабынан уюштурулган "Суперфутбол-2012де" "Мыкты футболчу айым" наамын алган. Ырчылыктан сырткары тасмаларда да роль жаратып келет. Мисалга алсак, “Достор”, “Жубайлар” фильмдерине тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан