8- Декабрь 2010 -жылы Чилинин борбору Сантьяго шаарындагы Сан-Мигель түрмөсүндө абактагылар козголоң чыгарышкан
Чилиде абактагылар козголоң чыгарышкан. Чилинин борбору Сантьяго шаарындагы Сан-Мигель түрмөсүндө абактагылар козголоң чыгарып, матрацтарын өрттөп киришкен. Андан улам түрмөнүн бир нече бөлүгү өрттөнүп, өрт 81 кишинин өмүрүн алып кеткен. Козголоң кылмыштуу топтор арасындагы кагылышуудан улам башталган. Абактагы 19 адам жаракат алып, 200дөн ашуун адам эвакуацияланган. Өрт өчүрүү кызматкерлери окуя болгон жерге өрт башталгандан 2 сааттан кийин гана чакырылгандыктан, өрт көп жерге жайылып кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан