6- Декабрь 1185 -жылы
Португалиянын биринчи падышасы Афонсу I Энрикиш көз жумган
Португалия Леон падышачылыгынан 1139-жылы 26-июлда бөлүнүп, эгемендүүлүккө жеткендеги биринчи падышасы Афонсу I Энрикиш 1109-жылы 2-июлда Гимарайншта төрөлгөн.
Афонсу Леондон бөлүнүү үчүн өзүнүн апасынын аскерлери менен согушуп, жеңген. Андан соң ал мусулмандарга каршы согушкан.
Афонсу 1185-жылы 6-декабрда Коимбрада каза болгон. Португалия өлкөсүнүн негиздөөчүсү жана баатыры болуп эсептелинет.