3- Декабрь 1934 -жылыСергей Кировдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшүнө байланыштуу Фрунзе шаарында аза күтүү демонстрациясы өткөн
Фрунзе шаарынын тургундары Сергей Миронович Кировдун киши колдуу болуп өлтүрүлүшүнө байланыштуу аза күтүү демонстрациясын өткөрүшкөн. Морис Белоцкий, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев баш болгон Кыргыз АССРинин жетекчилери "таптык сактыгыбызды үч эсеге арттырабыз" деп ВКП (б) Борбордук комитети менен Сталиндин жеке өзүнө ишеним билдиришкен. Коммунисттик партия жетекчилеринин көрүнүктүү өкүлүнүн өлүмүнө байланыштуу мурдагы Кошчу көчөсүнө Кировдун ысымы берилген. Кийин ал көчө айтылуу драматург Токтоболот Абдумомуновдун атын алган.