10- Декабрь 2013 -жылы
Адам укугун коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү
Парижде 1948-жылы 10-декабрда Адам укугунун жалпы декларациясы кабыл алынган.
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери адам укугу боюнча 30 эл аралык келишим, уюмдарга кирген. Мындай кадам адам укугу боюнча кабыл алынган жалпы эл аралык принцип-нормаларга баш ийип, ошолордун жолу менен болууну талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын укугунун расасына, жынысына, тилине жана эркиндигине карабай бирдей экендигин бекемдейт. Мамлекет ар бир адамдын укугун жана эркиндигин туура пайдаланышын кепилдейт. Жарандын укугунун жана эркиндигинин Конституциялык кепилдиги болуп Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия эсептелинет.