Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Иванов эки күндүк визит менен Кыргызстанга келген. Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн аскерий тармактары аскердик, аскердик-техникалык, аскердик-саясий кызматташтык багытында байма-бай кеңештеш болуп, коргоо министри кызматташтыктын башкы элементи Борбор Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу экендигин белгилеген.