5- Декабрь 1875 -жылы
Түркстан аскер округунун командачысы К.П.Кауфман Орусия империясынын аскер министрине кайрылуу жолдогон
Кайрылууда Кокон хандыгында жапайы баш аламан кырдаал жаралгандыгы кабарланат. Анын айтымында, буга чейин хандыкка каршы күрөшкөн кыргыздар менен кыпчактар эми империялык бийликке каршы чыгууга белсенип жатышат. Анын алдын алыш үчүн К.П.Кауфман кыргыздар менен кыпчактарга каршы жазалоочу экспедиция жүргүзүүнү сунуш кылат.