6- Декабрь 2004 -жылы
"Шайлоо меморандумуна" кол коюлган
АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг менен Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев "Шайлоо меморандумуна" кол коюшкан. Меморандумда каралгандай, Кошмо Штаттар кыргызстандык шайлоочулардын бармагына сүртүлчү боёк, ага керектелчү жабдууларды жана аларды пайдалануу үчүн батареяларды сатып алууга каражат бөлүү милдетин алган. Мындан тышкары, америкалык адистер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө тренинг уюштуруп, бармак белгисинин чоо-жайын коомчулукка түшүндүрмөй болушкан.