15- Декабрь 1976 -жылы
Руанда өлкөсүнүн президенти Грегуар Кайибанда каза болгон
Африка континентинин борборунда жайгашкан Руанда өлкөсүнүн 1962-жылынын 1-июлунан 1973-жылдын 5-июлуна чейинки президенти Грегуар Кайибанда каза болгон.
Грегуар Кайибанда 1957-жылы "Хуту Манифестин" жарыялаган. Ал "Хуту элин бошотуу кыймылы партиясынын" негиздөөчүсү. Ийгиликтүү шайлоо кампаниясынын натыйжасында хуту Руанда бийлигине келген. 1973-жылы улуттук гвардия министри, генерал-майор Жювенал Хабьяримандын иш жүзүнө ашырган төңкөрүшү Грегуар Кайибанданы бийликтен кетирген.